Убактылуу Жашоо
Билип койгула, дүйнө жашоосу — оюн-зоок, азгырык, кооздук жана өз ара мактануу, мал-мүлк жана балдар менен жарышуу гана. Бул жашоо жамгырдан кийин чыккан өсүмдүктөр сыяктуу: алгач алардын өсүшү дыйкандарды суктандырат, бирок кийин куурап, саргайып, саманга айланат. Акыретте болсо катуу азап, ошондой эле Алладан кечирим жана ырайым бар. Дүйнө жашоосу — алдамчы, убактылуу ырахат гана.
Раббиңердин кечиримине жана асман менен жердей кең болгон Бейишке умтулгула, ал Аллага жана Анын элчилерине ишенгендер үчүн даярдалган. Бул — Алланын ырайымы, аны каалаган пендесине берет. Алла чексиз ырайымдын Ээси.
Жер бетинде же өзүңөрдө болгон ар бир кайгы-касырет же жакшылык — Биз аны жаратаарда Китепке жазылган. Бул Алла үчүн оңой. Ошондуктан жоготкон нерсеңер үчүн кайгырбагыла жана колуңарга тийген нерсе үчүн сыймыктанбагыла…
57-сүрө, Темир, 20-23-аяттар